Эсептөө, бир нерсенин эсебин чыгаруу; сандарды көбөйүү жагын көздөй катары менен атоо. Мал сана. Акча сана. Онго чейин сана. Жүзгө чейин сана. Санап туруп малды алып, Салынуу сарай тамды алып (Казыбек).
1. Ойлоо, ниет кылуу. Жетилсин деп жардыны Санабадың, бешкаман (Токтогул). Уйпалаган кедейди, Убалы бар деп санабай (Тоголок Молдо). Атаң өлсө, мени атаңдай санагын, Уул болгун, өз уулумдай, карагым! (Баласагын). Атуулуңду пешка сындуу санаган, Арыласың качан ушул адаттан? (Байгазиев). 2. Эстөө, эсине алып кусалануу, сагынуу. Жүрөгү сыздап токтонбой, Ошо Канышайды санаса («Курманбек»). Төрт балаңдай Шайымбет, Жалгызын санап дегдеди («Эр Табылды»). Жалдыратам көзүмдү Жатсам, турсам көп санап (Токтогул). 3. Эсептөө. Көркөм сөздү ок катары карайбыз, Күчтүү сөздү мыкты курал санайбыз (Турусбеков).